Депутат Карашев: Көмүрдүн баасын көзөмөлгө алуу керек

Депутат Карашев: Көмүрдүн баасын көзөмөлгө алуу керек

Бүгүн, 5-ноябрдагы парламент жыйынында 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык  боюнча Өкмөттүн маалыматы угулду.

Жыйында айтылгандай, 2020-жылдын 10-октябрына карата республика боюнча жалпысынан 607 миллион тоннадан  ашуун көмүр камдалган. Анын ичинен калк 89%га даярдаса, бюджеттик мекемелер 100,84%га камсыздалган.

Талкуу маалында депутат Аалы Карашев ЖЭБден жана ГЭСтен өндүрүлгөн  энергиянын өздүк наркын сурады.

Тиешелүү өкмөт өкүлү ЖЭБде өндүрүлгөн энергиянын өздүк наркы 3,60 сом, ал эми Токтогул ГЭСиники 15 тыйын экенин белгиледи.

Ошондой эле Аалы Карашев көмүрдүн баасы кымбаттап жатканына токтолуп, наркын көзөмөлгө алуу зарылчылыгын кошумчалады.

Өкмөт өкүлдөрү жергиликтүү көмүрдүн орточо баасы 4 миң 475 сом, ал эми импорттолгон көмүрдүн баасы 4 миң 612 сом болуп жатканын билдиришти.

Жыйынтыгында экономика тармактарындагы, анын ичинен электр менен камсыздоо жаатындагы күз-кыш мезгилине даярдык маселесине байланышкан Өкмөттүн маалыматын уккан эл өкүлдөрү, атайын токтом кабыл алышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>