Депутат Касымалиева: Бишкекте аба эмнеден улам кирдеп жатат? Өкмөт так анализ бергиле

Депутат Касымалиева: Бишкекте аба эмнеден улам кирдеп жатат? Өкмөт так анализ бергиле

Күн ачылып калса эле Бишкекти каптап жаткан кара түтүндү унутуп калуудабыз. Шаардын абасы эмнеден улам кирдеп жатканы тууралуу так маалымат жок. Бул тууралуу вице-спикер Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Ал Өкмөт тараптан абанын булганышы боюнча анализдин жоктугун сынга алды.

«Эки күндөн бери аба ырайы жакшы болуп абанын булгануусу азайды деп сүйүнүп жатабыз. Бирок эртең дагы эле күн сууктап баштайт. Абанын булгануусу ЖЭБденби, унааларданбы же жеке секторлордон чыккан түтүндөн булганып жатабы? Мүмкүн ЖЭБдеги чыпка туура эмес же унаалардан чыккан түтүндөн болуп жатат?…

Борбордо аба өтө кир деп айтылып жатты. Мэрия шылдың кылгансып, шаар тургундарын «маска тагынгыла» деп кала берди. Билим берүү министрлиги мугалимдер менен биргеликте окуучуларга тушүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын ден соолугуна кам көрүү керек. Ушундай кир абада дем алган балдарыбыздын келечеги кандай болот?

Саламаттык сактоо министрилиги адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү жагдайларда алдын алып, иштерди жүргүзсө болмок», — деди Касымалиева.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>