Site icon Reporter.kg

Депутат Кемпир-Абад иши боюнча президентке кайрылды

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Адахан Мадумаров менен Дастан Бекешев Кемпир-Абад иши боюнча камакта отургандар боюнча маселени көтөрүдү.

Алгач жыйында Адахан Мадумаров камактагы отургандардын ичинен эки аял кишинин (Перизат Суранова жана Орозайым Нарматова — ред.) ден соолугу кескин начарлап кеткени айтылып жатканын белгиледи.

«28 жаран мыйзамсыз камалап отурат. Кечээ дарыгерлер эки кызыбызыдын ден соолугун карап, ден соолугуна аябай катуу коркунуч келип жатат, кайгылуу окуяга алып келиши мүмкүн деп коңгуроо кагууда. Бул жакта Жогорку Кеңеш бюджетти, мыйзамды, регламентти карайлы деп отурат. Биз кабыл алып жаткан мыйзамдар эч нерсе алып келбейт, эч нерсеге жарабайт. Өзүм билемдик менен кетүүнүн акыры жакшылыкка алып келбейт», — деди ал.

Ал Кыргызстанда мыйзамдар, Конституция сакталбай жатканын айтып, бул маселени иликтөө үчүн комиссия түзүүнү сунуштады.

Андан кийин сөз алган депутат Дастан Бекешев Кемпир-Абад иши боюнча активист жана саясатчылар мыйзамсыз камалып жатканын айтты.

«Президенттер дайыма «сот, укук коргоо органдары чечсин, сот менен тергөө органдарынын ишинге кийлигише албайм» деп айтышат. Бул туура. Бирок сот менен тергөө органдары жогору жактын айткандарын тыңдап, кулак төшөп турарын билебиз. Бүгүн да президент «сот чечсин» деп айтканы менен сот менен тергөө органдары президент эмне деп айтарын карап турушат. Кемпир-Абад иши деп айтылган иш боюнча тергөө абагында эч кандай күнөөсү жок адамдар отурат. Эгерде алардын күнөөсү болсо, эмнеге эки айдан бери тергөө жүргүзүлбөй эле? Бири-бирибизди күнөөлөй бербей, кандай далилдер бар экенин УТРК, телевидение аркылуу көрсөтөлү. Бардыгы ошол далилдерди түз эфирде көрсүн. Бирок ал далилдер жок, ошондуктан тергөө амалдары болбой жатат», — деди Бекешев. 

Ошондой эле ал президентке кайрылып, укук коргоо органдарына аталган ишти тез арада тергеп бүтүп, сотко өткөрүү жана камактагыларды Жаңы жылга чейин үй камагына чыгаруу тапшырмасын берүүнү суранды.

Эскерте кетсек, «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалгандардын ичинен 20га жакын киши бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жатышат. Алардын ичинен Перизат Суранова, Орозайым Нарматова жана Али Шабдандын абалы начарлаганы айтылууда.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Жапырт камалгандардын туугандары президент менен жолугушууну өтүнөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version