Site icon Reporter.kg

Депутат Кожокулова: Тажикстан менен чек араны ратификациялоо жана ЕАЭБге интеграция — бул өнүгүүгө жол

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Тажикстан менен чек ара боюнча макулдашууну ратификациялоону мезгилдин талабы жана аймактагы туруктуулукту чыңдоого карай маанилүү кадам деп атады. Анын айтымында, дипломатия жана компромиссти талап кылган бул чечим «активдүү курулуш жана тыгыз кызматташтык мезгилине жол ачты».

«Биз кошунабыз, кылымдардан бери келген жалпы тарыхыбыз бар. Өлкөлөрүбүздүн өнүгүшү үчүн тынчтыкта жана ынтымакта жашоо биздин кызыкчылыгыбызга туура келет», — деп белгиледи депутат.

Евразиялык интеграциянын келечегине токтолуп, Кожокулова Беларустун президенти Александр Лукашенконун Советтик Союздан калган жалпы рынокту сактап калуу керектиги тууралуу оюн колдой турганын айтты. Ал белгилегендей, Кыргызстандын президенти да ЕАЭБ алкагындагы экономикалык өнүгүү векторлорун так аныктап берди: өндүрүштү кеңейтүү, туризмди өнүктүрүү жана санариптештирүү.

Ошол эле учурда депутат мамлекеттик кызматкерлердин өлкө башчысынын расмий саясатына каршы келген пикирлерди ачык айтуусун сынга алды.

«Биз демократия менен ойноп жибергендей сезилет. Көпчүлүк аткаминерлер саясатчы болуп кетип, бардык нерсени комментарийлеп жатышат. Кыргызстан менен Россия түбөлүктүү достук тууралуу келишимге кол койгон. Эгер макулдашуу болсо, аны аткаруу керек», — деди ал.

Кожокулованын пикиринде, өлкөнүн реалдуу тышкы саясаты көп учурда жарандардын өз тандоосуна, айрыкча эмгек миграциясынын багытына жараша аныкталат.

«Биз жакшы билебиз, кыргызстандыктардын эң көбү Россияга жөнөйт. Бул — тышкы саясаттын вектору. Россия миграциялык саясатка жаңы эрежелерди киргизип жатканына карабастан, бул процесстер токтогон жок», — деп билдирди депутат.

Акырында ал, ЕАЭБ ичинде, мисалы, Казакстан чек арасынан жүк өткөрүү маселеси сыяктуу тоскоолдуктарды жоюу үчүн мүчө мамлекеттер «кол кармашып, бири-бирине көмөктөшүүсү» жана аймактар аралык кызматташтыкты да өнүктүрүүсү керектигин кошумчалады.

Exit mobile version