Site icon Reporter.kg

Депутат Кубанычбек Жумалиев камакта калтырылды

Бүгүн, 1-мартта Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу жактоочулардын өтүнүчүн карап, аны үй камагына чыгаруу тууралуу арызды канааттандырган жок, камакта калтырды. Бул тууралуу шаардык соттон кабарлашты.

Жумалиев коррупцияга айыпталып, 4-февралда эки айга камакка алынган.

Буга чейин Жумалиевдин уулдары кармалган. Бирок кийинчерээк алар бошотулган.

Exit mobile version