Site icon Reporter.kg

Депутат Култаева мандатын тапшырып, ордуна Жунушалиева келди

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева мандатынан ажыратылды.

Бүгүн, 18-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп, анда Култаеванын мандатын тапшыруу тууралуу арызы каралды. БШКнын бардык мүчөсү аны мандатынан ажырууга макулдук берди.

«Ата-журт Кыргызстан» партиясынын катарынан депутат болгон Култаеванын мандаты талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда турган Гүлсункан Жунушалиевага берилди.

Гүлсункан Жунушалиева

 

Exit mobile version