Депутат Култаева мандатын тапшырып, ордуна Жунушалиева келди

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева мандатынан ажыратылды. Бүгүн, 18-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп, анда Култаеванын мандатын тапшыруу тууралуу арызы каралды. БШКнын бардык мүчөсү аны мандатынан ажырууга макулдук берди. «Ата-журт Кыргызстан» партиясынын катарынан депутат болгон Култаеванын мандаты талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда турган Гүлсункан Жунушалиевага берилди.