Site icon Reporter.kg

Депутат: Кыргызстан менен Тажикстандын мамилесин калыбына келтирели

Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева Тышкы иштер минстрдин кызматы ордуна Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин карап жаткан кезде Тажикстан менен Кыргызстандын мамилесин ордуна алып келүүгө салым кошууга чакырды.

Чек ара аймагына биринчи көңүл бөлсөңүз деп айтат элем. Узак убакыттан бери чечилбей келе жаткан кыргыз-тажик мамилесине өзгөчө салым кошот деп ишенем. Биринчиден чек ара көйгөйү Лейлек жана Баткен элинини уйкусун бузууда. Ички миграцияга дуушар кылууда. Жөн жаткан жеринен ар кайсы жакка качып жатышат. Экономикалык жактан да жабыркатууда. Моралдык жактан да жабыркап жатат. Ошондуктан кылымдардан бери уланып келе жаткан кыргыз-тажик алакалаларын мурдагыдай өз ордуна келишине басым жасайсыз деп ойлойм. Учурда куралдуу күчтөрүнөн дагы “күчтүүрөк” дипломатияга муктаж болуп турабыз”— деди.

Exit mobile version