Site icon Reporter.kg

Депутат Кыргызстанда атом электр станциясын куруу маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Кыргызстанда атом электр станциясын куруу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-ноябрда парламенттин жыйынында билдирди.

Примов жыйынга катышып жаткан өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кайрылып, учурда өлкөдө электр станциялар салынып жатканын, ошол эле учурда элдин саны көбөйүп, жаңы ишканалар ачылып атканын, эмитен жетишсиз болуп жаткан электр энергия кийин да тартыш болорун айтып, алдыда Кыргызстанда атом электр станциясын куруу керек болорун сөз кылды.

«Келечекте биз эртеби-кечпи атом электр станциясын курганга барышыбыз керек болот. 2019-жылы Кызыл-Омпол кени боюнча маселе көтөрүлгөндө, «кенди иштетиш керек» деген депутаттардын бири мен болгом. Бирок анда мени эл душманы кылышкан. Бирок кенди ачуу маселеси туура көтөрүлгөнүн убакыт айгинелеп жатат», — деди ал.

Акылбек Жапаров жакында эле Казакстанда атом электр станциясын куруу боюнча референдум өткөрүлүп, шайлоого катышкандардын 70%ы ал демилгени колдогонун айтты. Ал Кыргызстандын Энергетика министрлиги да чакан кубаттуулуктагы атом реакторун куруу боюнча изилдөө жүргүзүп жатканын билдирди.

«Бул сөзсүз келечектин энергиясы. Кытайда 100гө жакын (атомдук – ред.) станция куруу пландаштырылган. Казакстан курганы жатат. Өзбекстан Россия менен бирге эки реактор курайын деген, төртөөнү курмай болду. Биз алардан артта калбашыбыз керек», — деди ал.

Exit mobile version