Site icon Reporter.kg

Депутат: Кыргызстандык үч кыз чет өлкөгө чыгып кетип, дайынсыз болууда (видео)

Кыргызстандык үч кыз чет өлкөгө чыгып кетип, дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев билдирди.

Нурбаевдин айтымында, ага Ош облусунан эки эне кайрылып, кыздары дайынсыз болуп жатканын айткан.

Депутатка кайрылган Даанахан Сатимова аттуу эненин айтымында, кызы Кахраманжан кызы Мубанахан 2023-жылы 6-августта белгисиз себептер менен «Достук» чек ара бекети аркылуу Өзбекстанга өтүп, андан кийин Азербайжанга кеткен. Ошол бойдон дайыны жок.

Дагы бир эне Екатерина Усанбаева билдиргендей, Москвада иштеп жүргөн эки кызы Ангела жана Зарина Азаматовалар быйыл 17-апрелде белгисиз себептер менен Арменияга кетип калышкан. Апасы аларды издеп Арменияга барган. Полицияга барганда, ал жактагы кызматкерлер Екатерина Усанбаеваны кыздары менен телефон аркылуу орус тилинде сүйлөштүргөн. Кыздары менен сүйлөшүп жатканда, алардын жанындагылар (телефондун наркы учундагылар) «орусча сүйлөшкүлө» деп айтканын уккан. Апасынын айтымында, ага, кимдир бирөөлөр кыздарына психотроптук ичимдиктерди ичирип сүйлөткөндөй сезилген.

Депутат дайынсыз болуп жаткан кыздардын ата-энеси менен туугандары алардын өмүрү үчүн кооптонуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, бул окуя адам сатуу фактысы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Мындан улам УКМК, Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтерин бул маселе боюнча иш алып барууга чакырды.

Exit mobile version