Site icon Reporter.kg

Депутат Максат Сабиров бийликти басып алууга чакырык кылдыбы? – Аудио

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун үнү делген социалдык тармакта тарап жаткан аудио боюнча териштирүү баштады. Бул тууралуу түзүмдүн басма сөз кызматы кабарлайт.

УКМКнын маалыматына караганда, бул боюнча атайын экспертиза дайындалган. Анда өлкөнүн конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүү чакырыгы бар же жок экенин аныкталып, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Интернетте тарап жаткан аудиодон парламент депутаты Максат Сабировдун үнүнө окшош адамдын бийликке каршы чыгары тууралуу сүйлөгөндөрүн угууга болот.

Exit mobile version