Site icon Reporter.kg

Депутат Маматалиев: Гранттык каражаттарга жакшы көңүл бурулбай жатат

Дүйнөлүк банк “Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорун даярдоого 384 миң 900 доллар гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда аткаруу бийлиги Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишим боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун жактырылды.

Депутат Марлен Маматалиев акыркы мезгилде насыя каражаттарга жакшы көңүл бурулуп жатканы менен, гранттык каражаттарга жакшы көңүл бурулбай келатканын белгиледи.

“Гранттык каражаттар бекер берилгенине карабастан, анын кандай пайдаланып жатканын да көңүл сыртында калтырбашыбыз керек. Мисалы, ушул гранттын 84 пайызы консултация берүү кызмат акысына жумшалат экен. Эмне үчүн мынчалык көп бөлүнгөнүнө түшүнүү кыйын”, — деди ал.

Салык кызматынын өкүлү Искендер Асылкулов бул гранттык каражатка 17,5 млн доллар көлөмүндөгү ири долбоор даярдала турганын, анын жарымы жеңилдетилген насыя, жарымы грант болорун эске салды.

“Долбоор иштелип жатканда каражаттын 80 пайызын консультациялык кызмат акыга пландаштырылган, бирок сүйлөшүү жыйынтыгында 26 пайызга чейин кыскарта алдык”, — деди өкмөт өкүлү

 

 

Exit mobile version