Депутат Масабиров: Өкмөт каржы тапсын, спортчулар Олимпиадага жолдомо утуу үчүн мелдешке бара албай жатат

Депутат Масабиров: Өкмөт каржы тапсын, спортчулар Олимпиадага жолдомо утуу үчүн мелдешке бара албай жатат

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин «ар кандай» маселелер саатында депутат Таалайбек Масабиров мамлекет тарабынан спорт тармагына аз каражат бөлүнүп жатканын билдирди.

«Быйыл Жапонияда жайкы олимпиада өтөт. Ага карата кыргыз спортчулары катуу даярдыктарды көрүүдө. Азыноолак ийгиликтер да бар. Тилекке каршы, алар ушу тапта каржылык жактан аз каржалып, лицензиялык ири мелдештерге бара албай турушат. Өзгөчө күрөш, бокс, оор жана жеңил атлетика федерацияларынын каржылык абалы оор. Алар аргасыздан жеке ишкерлердин гана кайрымдуулугуна таянып калышты.

Кыргыз спортчулары жайкы олимпиадага катышуу үчүн жок дегенде 21 лицензия алууну максат кылган, азырынча 5 лицензия алынды. Кыргызстандын намысын эл аралык деңгээлде коргой турган жаштарыбыздын чет өлкөлөрдө өтүп жаткан лицензиялык мелдештерге катыша албай жатышы өтө өкүнүчтүү. Өкмөт тезинен каржы таап, спортчуларыбыздын эл аралык мелдештерге үзгүлтүксүз катышуусуна жагымдуу шарттарды түзүп бериши керек», — деди Масабиров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>