Депутат Масабиров: Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда «көкпар» эмес, «көк бөрү» негизги оюн болушу керек

Депутат Масабиров: Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда «көкпар» эмес, «көк бөрү» негизги оюн болушу керек

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда «көк бөрү» негизги оюн болушу керек, ал эми «көкпар» кошумча оюн катары ойносо ойноло берсин. Мындай пикирин депутат Таалайбек Масабиров бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин «ар кандай» маселелер саатында билдирди.

Эл өкүлү Түркияда өтө турган кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунундагы «көк бөрү» боюнча маселе көтөрдү.

«Быйыл Түркияда өтө турган кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунунун алкагында кыргыздардын «көк бөрүсү»ойнолобу же казактардын «көкпары» ойнолобу? Азыр биздин көңүлүбүздү ушул маселе өйүп турат. Тийиштүү мамлекеттик органдар азыртан ушул маселесинин башын чечип алышы керек. Алдынала макулдашууларга ылайык, Түркияда өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда «көк бөрү» ойнолмок. Бирок, акыркы маалыматтарга караганда, «көкпар» ойнолот экен деген да кабар бар. Менимче, макулдашуу болгондон кийин «көк бөрү» негизги оюн болушу керек», — деп кошумчалады депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>