Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Кыргызстандагы мектептерде “Акыркы коңгуроо” болуп жаткандыгына байланыштуу бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга ак жол каалады.
Депутат ошондой эле, мектептерде сабак болуп жаткан учурда окуучуларга телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады.
“Ар бир мектепте окуучулар үчүн телефон коюу кутучалары болушу керек. Бул тартип жаңы окуу жылы башталганда, сентябрь айынан тарта ишке кириши шарт”, — деди Тазабек Икрамов.