Кыргызстанда 1991-2024-жылдары менчиктештирилген айрым объекттерге мунапыс берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Элдар Абакиров даярдап, ал коомдук талкууга чыгарылды.
Депутат рыноктук экономикада жеке менчик кол тийгис экенин, бирок учурда өлкөдө жеке менчикти коргоо боюнча кризистик кырдаал жаралганын белгилейт: менчиктештирилген объекттер боюнча соттук териштирүүлөр жылдап созулуп, укуктук жактан бүдөмүк болууда; менчик ээлери анын кол тийбестигине ишеними жок, себеби 1990-2000-жылдары жүргөн менчиктештирүү процесси тууралуу толук маалыматка ээ эмес; айрым учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жеке менчикти алып коюу боюнча мыйзамсыз аракеттерди көрүүдө.
Абакиров 1990-2000-жылдары менчиктештирилген объекттердин ээлери алмашып, учурда алар башка бирөөлөрдүн менчигинде экенин, ага карабай жаңы ээлери жеке менчигинен кол жууп калуу тобокелдиги болуп жатканын белгилеп, мындан улам ак ниет менчик ээлерине мунапыс берүүнү сунуштоодо. Ан ниет менчик ээси деп таанылуу үчүн бир нече критерийлер каралган: мүлктү ачык рынокто сатып алса; менчиктештирүү процессиндеги алешемдиктер тууралуу маалыматы болбогон болсо; мыйзам күчүнө кирген убакта мүлктүн ээси болсо; тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген документтери болсо.
Мыйзам долбооруна ылайык, менчиктештирүүгө жатпаган мүлктүн катарына кирип, бирок жеке колго өтүп кеткен жана социалдык турмуш-тиричилик, социалдык-маданий багыттагы объекттерге мунапыс берилбейт.
Мыйзам кабыл алынса, мунапыс алган мүлктүн ээлерине карата мамлекеттик органдар тарабынан коюлган дооматтар алынат, менчиктештирүүгө байланыштуу соттук териштирүүлөр токтотулат.
Мыйзам күчүнө киргенден кийин мүлк ээси сатып алган мүлкү тууралуу жалган маалымат бергени аныкталса, ага мунапыс берилбейт.