Site icon Reporter.kg

Депутат милиция жаранды «подстава» кылып кармаганын айтып чыкты (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарынын тургуну милиция кызматкерлери «подстава» кылып кармаганын айтып чыкты.

Анын айтымында, жакында эле ИИМдин басма сөз кызматы, Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн ок атуучу курал табылганы тууралуу маалымат тараткан (7,62 калибрдеги ТТ үлгүсүндөгү  тапанча, эки магазин жана 44 ок).

«Бирок милиция жаза басты. Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери тапанчаны өздөрү алып келген. Ал видеотасмада көрүнүп турат. Милиция кызматкерлери аны (видеотасманы — ред.) таба алган эмес. Батирге кирип келердин алдында милиция кызматкерлери электр энергиясын өчүрүп, бардык камераларды издеп, тинтүү аяктагандан кийин видеожазууларды баарын алып кеткен. Милиция кызматкерлеринин «подставасынын» башка далилдери бар. Алар жабырлануучунун туугандары тарабынан тергөө жана башка иштердин жүрүшүндө берилет. Аталган тапанчаны милициянын кызматкерлери өздөрү тапкан, ал башка иш боюнча далил зат катары сакталып турган», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, 13-мартта ИИМ Бишкекте 32 жаштагы М.И. аттуу жарандын үйүнөн ок атуучу курал табылганы тууралуу маалымат тараткан. Аталган жаран 11-мартта кармалган. Ал мурда каракчылык үчүн соттолгону тууралуу кабарланган.

ИИМдин видеосу
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version