Депутат Момбеков өкмөт башчыга: Вице-пермьерликке талапкериңиз мал доктур экен анда-санда аксап калбайбы?

Депутат Момбеков өкмөт башчыга: Вице-пермьерликке талапкериңиз мал доктур экен анда-санда аксап калбайбы?

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңеште вице-пермьер-министрликке Акрам Мадумаровдун талапкерлиги каралып жатат.

Жыйында депутат Рыскелди Момбеков Мадумаровдун кесиби мал доктур экенин айтып, өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиевден вице-премерликке башка талапкер жок беле деген собол салды.

«Жеңиш Разаков 4 жыл губернатор, 4 жыл вице-премьер болду. Бирок төрт метр жерди чечпей кетти. Кетип жатканда дагы жөн кетпей минтип айтып кетти: “Үй-бүлөдөгү маселелерди калыбына келтирүү керек, ошондуктан арыз жаздым. Чек ара меселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Жогорку Кеңештин палатасынан да, жалпы жыйынынан да өтүп, түшүндүрүп чыктык. Бул кыйын маселе болгондуктан, жеринде эл менен да түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Менимче, чек араны чечүү маселеси көп жылдарга уланат. Мен баштаган ишти аягына чыгарыш керек беле же жокпу аны кудай билет. Бирок шартка жараша арыз жазып, иштен кеттим”, — деди Разаков.

Баткенде алып келип эле вице-премьер кыла бербей, ошол жакка эле вице-премьер деген макамды берип койбойлубу? Мадумаров деле мал доктур экенго мунуңуз деле ара-чолодо аксап калбайбы, уят кылбайбы? Улукбек Кочкоровго окшогон мыкты министриңиз бар, ал чекист эле», — деди Момбеков.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Акрам Мадумаров ишти колго алып кетет деген ишенимде экенин билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>