Site icon Reporter.kg

Депутат Момбеков: Бороновдун ишин убакыт көрсөтөт, бирок жалгыз дарак бак болобу?

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Кубатбек Бороновду сунуштап, анын талапкерлигин карап жатат.

Жыйында депутат Рыскелди Момбеков көпчүлүк коалициянын төрагасы Иса Өмүркуловго кайрылып, кеткен өкмөт башчыга карата эки анжы пикирде болгонун айтып сынга алды.

«Биз кет-кет деп айтканда кетпеген, эми кетпе дегенде кетип калган адамдыкы саясий жоопкерчиликке жатабы же биз мактаган кыз тойду кооздоп койгон жокпу?» — деген собол салды.

Иса Өмүркулов: «Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкага кеткенин колдогон жокмун, бирок туура учурда кызматтан кетти. Себеби анын артынан жаман создөр ээрчип калган», — деди.

Момбкеков Абылгазиев алып келген өкмөттүн курамдан Кубатбек Боронов эле калганын айтып, «жалгыз дарак бак болобу, жаман жыгач сап болобу» деп, мындан аркы ишинин жыйынтыгын убакыт көрсөтө турганын айтты.

Exit mobile version