Депутат Момбеков: Илгери төрт буттуу карышкырдан корккон кыргыз, азыр үч буттуу камерадан коркуп калды

Депутат Момбеков: Илгери төрт буттуу карышкырдан корккон кыргыз, азыр үч буттуу камерадан коркуп калды

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ар кандай» маселелер сааты өтүп жатат. Анда депутат Рыскелди Момбеков «Коопсуз шаар» долбоорунун иши тууралуу маселе көтөрдү.

Момбеков «Коопсуз шаар» конкретүү долбоор эмес, коммерциялык долбоор экенин айтты.

«Бир жылга жетпеген учурда 1 млрд долларга жетпеген айып пул салынды, анын 580 млн сому төлөндү. Анын 80-90 пайызын карапайым калк төлөдү. Илгери төрт буттуу карышкырдан корккон кыргыз, азыр үч буттуу камерадан коркуп капталын эле карашууда. Эң негизгиси элдин кыжырын келтирген жол эрежелерин жөнгө салган жол белгилер. Мурда кабинетиме келген такси кызматкерлери эми үйүмө менин колумда турган жол белгилерин тартып алып келишиптир. Алар Бишкектеги жол белгилеринин бардыгы мыйзамда каралбаган, «Өкмөт бир гана «Веганын» тапшырмасын аткарууда» дешти. Садыгалиева – Дэн Сяопина көчөлөрүндө бара жатканда бир белги, кайра кайрылсаң башка белги турат. Элдин атынан өкмөт пайда көрүп жатат», — деди Рыскелди Момбеков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>