Site icon Reporter.kg

Депутат: Мугалим, медиктер Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй ала албай жатат

Мугалимдер, медицина кызматкерлери Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй ала албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.

Айжигитов белгилегендей, башында Мамлекеттик ипотекалык компания бюджеттен айлык алгандар үйлүү болууга шарт түзүү үчүн ачылган.

«Башында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын концециясы башка болчу. Бюджетте иштеп, аз айлык алгандар үчүн, алар банктардан ипотекага үй ала албагандыктан, ачылган. Эми ал кадимки коммерциялык уюмга айланып калды. Биринчи кезекте коммерциялыктарга (бюджетте иштебегендерге — ред.) берип, андан кийин бюджетте иштегендерге сунуштап жатышат. Болгондо да 2-3-бөлмөлүү батир алам дегендерге 1-бөлмөлүү батир сунуштап жатыштыр. (Ага макул болбосо – ред.) «анда «бар тарттам» деген да кагаз жазып бер» дешет экен. Бул жерде куйту иштер жасалып жаткандай. Муну көзөмөлгө алыш керек», — деди ал.

Ал бул маселе боюнча депутаттардан турган комиссия да түзүлгөнүн билдирди.

«Эмнеге Мамлекеттик ипотекалык компанияга баарын кошуп койдуңар? Эгер Мамлекеттик ипотекалык компания коммерциялык иш кылам десе, аны өзүнчө жүргүзсүн. Ал эми мамлекеттен бөлүнгөн акчаны концепциясы боюнча иштетиш керек. Азыр болсо, шарттар өзгөртүлүп, батир алам деген бюджеттегилер үй ала албагандай болуп калып жатат. Мындай болбойт! Көптөр, анын ичинде медицина кызматкерлери, мугалимдер, мамлекеттик кызматта иштеген катардагы кызматкерлер арызданып жатат. Алар «банктардан ипотекага үй ала албай, бул жакка келдик эле, эми бул жак да коммерция болуп кетти» деп жатат», — деди ал.

Exit mobile version