Site icon Reporter.kg

Депутат мугалимди тилдеп, ыйлаткан аялга катуу чара көрүп, кечирим суратууну талап кылды (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Бишкектеги №57 мектепте тарых мугалимин тилдеп, ыйлаткан аялды сот жообуна тартууну талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-ноябрда парламенттин жыйынында айтып чыкты.

Акаев жыйында өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, мугалимди тилдеген аялга 1 миң сом айып салынганын, бирок ага андан катуу чара көрүү керектигин билдирди.

«Өткөндө бүтүндөй билим берүү тармагы, мугалимдер үчүн кейиштүү окуя болду. Бишкектеги №57 мектепте бир эжеке мугалимди шылдыңдап, мазактап, ыйлатып, ал мугалим жумуштан кетти. Ыйлаткан аялга болгону 1 миң сом айып салыныптыр. Эмнеге аны коомчулукка алып чыкпадыңар, «мугалимге ушундай мамиле кылган ушул аял» деп эмнеге жүзүн көрсөтпөдүңөр. Бул Кыргызстандагы 120 миң мугалимге жасалган шылдың мамиле, моралдык сокку болду. Мугалимди шылдыңдаган, мазактаган аялды эмнеге 1 миң сом айыппул менен чыгарып жибердиңер? Аны жазага тартыш керек эле да! Бүтүндөй коомчулукка, мугалимдерге көрсөтүш керек эле да», — деди ал.

Ал Бишкекте эле 500гө жакын мугалим жетишпей жатканын айтып, мугалимдердин укугу корголбосо, «ким мектепке мугалим болуп келет?» деген суроо салды.

«Биз мугалимдердин айлыгын гана көтөрбөстөн, кадыр-баркын да көтөрүшүбүз керек. Ошондуктан мындай окуяларга ыкчам чара көрүү керек. Адатта күч органдары жөнөкөй адамдарды кечирим суратып, жүзүн көрсөтүп, дароо камакка алчу эмес беле! Эмне үчүн ага кош стандарт мамиле жасалды?», — дейт депутат.

Акаев бүгүн жыйындын алдында мугалим менен сүйлөшкөнүн, анын мектепке кайтып келип, иштөөгө каалоосу жок экенин айтканын билдирди.

«Мугалим менен сүйлөшсөм, «болду, мектепте иштебейм, мындай мазактоо, шылдыңдоону көтөрө албайм» дейт. Ошол мугалимди кайра мектепке кайтарууга аракет кылып, аны шылдыңдаган эжени коомчулуктун алдында кечирим суратып, жүзүн ачыкка чыгарып, башка берене менен сот жообуна тартыш керек», — деди ал.

Мугалимди тилдеген эненин иши териштирилип, сотко жөнөтүлдү

 

Exit mobile version