Site icon Reporter.kg

Депутат Надира Нарматова билим берүүнүн отличниги болду

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн отличниги» төш ​​белгиси менен сыйланды.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган сыйлык депутатка Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына карата билим жана илим тармагына кошкон салымы жана колдоосу үчүн тапшырылды.

Надира Нарматова 1992-1994-жылдары Алай районундагы Парманов атындагы орто мектептин директору болуп иштеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version