Site icon Reporter.kg

Депутат: Насыя алып, күрөөгө койгон үйүнөн ажырагандар боюнча атайын топ түзүлөт

Банктардан жана чакан насыя компанияларынан насыя алып, күрөөөгө коюлган үйүнөн ажырап калган жарандардын маселеси боюнча атайын топ түзүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев билдирди.

Депутаттын айтымында, ал 17-мартта жеке менчик банктардан жана микро кредиттик компаниялардан жабыр тарткан 30га жакын жаран менен жолугуп, көйгөйлөрүн уккан.

«Чындыгында эле «Оптима», «МБАНК» («КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы»), «Компаньон», «Бай-Түшүм Банкы», «Капитал плюс», UCH Сredit жана башка микрокредиттик компаниялардан кредит алып, үстөк акылары алган акчаларынан эки-үч эсе көп төлөгөнү аз келгенсип, күрөөгө коюлган турай жайларынан бери алдырып ийгендер көп экен», — дейт ал.

Ал билдиргендей, бул маселе боюнча укук коргоочу уюмдардан турган атайын топ түзүлөрүн билдирди.

«Бул маселе боюнча атайын топ түзүп, мыйзамдын негизинде Жогорку Кеңештин, комитет жана фракциянын жыйындарына алып чыгып, карап тиешелүү тармактар менен биргеликте элибиздин, карапайым калктын жонунан кайыш тилбегидей чечип берүүгө бар күчүмдү жумшаймын», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version