Депутат Никитенко: “Интернетти көзөмөлдөө тууралуу” мыйзам долбоорун артка кайтаруу керек

Депутат Никитенко: “Интернетти көзөмөлдөө тууралуу” мыйзам долбоорун артка кайтаруу керек

Кыргызстан жаратылышы, эли жана сөз эркиндиги менен мактана алат. Мындай пикирин бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко билдирди.

Жыйында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 2-3-окууда каралууда.

Наталья Никитенко бул мыйзам менен элдин байлыгына кол салуу болуп каларын айтты.

«Сөз эркиндигине чектөө кылган мамлекеттердин тагдыры жаман окуялар менен аяктаган. Ошондуктан бул ишке туура кадам жасоо керек. Учурда дүйнө бүт өзгөрүп, заманбап технологиялар келүүдө. Ал эми Кыргызстанда андай санариптештирүүнү киргизүү экономикалык жактан мүмкүн эмес. Мамлекет интернеттеги бардык маалыматтарды чыпкадан өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү жетпейт», — деди эл өкүлү.

Никитенко төрага Дастан Жумабековго кайрылып, бул мыйзамды артка кайтаруу керектигин жана 2-3-окуудан дароо кароо регламентти бузуу болуп саналарын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>