Депутат Нурбаев: Сапатсыз күйүүчү майды колдонууга тыюу салуу керек

Депутат Нурбаев: Сапатсыз күйүүчү майды колдонууга тыюу салуу керек

Бишкек шаарын каптаган кара түтүн маселесин чечүү боюнча жолугушууда Жогорку Кеңештин депутат Абдывахап Нурбаев шаар бийлигине кыска мөөнөттө көйгөйдү чечүү керектигин айтып, бир катар сунуштарын бергенин «Инстаграм» баракчасына жазды.

Эл өкүлү өзгөчө шаар калкынын саламаттыгын эске албай сапатсыз күйүүчү отунду алып кирип, колдонууга жана жүгүртүүгө кызыктар тараптарды тыкыр изилдеп, чара көрүү керектигин белгиледи.

«Биздин тийиштүү мамлекеттик органдар жана шаар бийлиги көйгөйдү чечүүдө дүйнөлүк тажрыйбаны, илимдин тыянагын карап чыгып, чыгымсыз, батыл иштерди алып баруулары керек», — деди Нурбаев.

Абдывахап Нурбаев төмөндөгү сунуштарды өкмөткө жана калаа бийлигине берди:

— Сапатсыз күйүүчү майды (К-2; К-3 бензиндин экологиялык түрүн) колдонууга тыюу салуу;

— шаар жүргүнчүлөрү үчүн автобус каттамдарын ыңгайлуу, бир жерден экинчи жакка бат жетүүгө шарт түзүү;

— жөө жана велосипед жүргүнчүлөргө атайын жолдордун куруулуусу, кеңейтүү сыяктуу.

Ал шаардагы экологиялык абалды жакшыртуунун үстүндө иштерди улантып, берген сунуштарынын аткарылышын көзөмөлдөп турарын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, 8-январда Бишкекте өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков, Жогорку Кеңештин депутаттары, калаа бийлиги жана экология боюнча эксперттер чогулуп, абанын булганышы боюнча маселени талкуулаган тегерек үстөл өткөрүшкөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>