Депутат: Олимп чемпиондоруна берүүчү сый акыны 40 млн сомго чейин көтөрүү керек

Депутат: Олимп чемпиондоруна берүүчү сый акыны 40 млн сомго чейин көтөрүү керек

Жайкы Олимп оюндарында чемпион атыккан спортчуларга берүүчү сый акыны 40 миллион сомго чейин көтөрүү керек. Бул тууралуу парламент жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 40 жылдан бери Олимп оюндарынын чемпиондору чыга элек. 1980-жылы Каныбек Осмоналиев Олимп оюндарында чемпион атыкканда эл кубануу менен майрамдаган.

“Үч айдан кийин Японияда Олимп оюндары болот. Олимпиадалык курама командага мамлекет тарабынан 105 миллион сом бөлүнгөн болсо, бүгүнкү күндө 16 миллиону гана берилген. Бул финансы министринин спортко, мамлекетибиздин желегин желбиреткен балбандарыбызга болгон кайдыгерлиги деп бааласак болот. Министрлерге бир маселе айтсаң, карап көрөлүү деп айта берет экен. Үч ай убакыт калды. Жакшы колдоо көрсөтсөк Япониядагы Олимп оюнунда Кыргызстандан чемпион чыгат”, — дейт Атазов.

Ал коңшу өлкөлөрдө Олимп оюндарынын чемпиондоруна 250 миң доллардан берерин, Кыргызстанда эң жогорку сумма 7 миллион сом экенин айтып, сый акынын көлөмүн көтөрүү керектигин белгиледи.

“Президентке кайрылат элем, өзү дагы спортту колдогон мамлекет башчы катары байгени 40 миллион сомго көтөрсө. 20 миллионун мамлекет, калганын меценат жана патриот жигиттерибиз колдоого алса. 40 жылдан бери олимпиада чемпиону чыкпай калды”, — деди эл өкүлү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>