Site icon Reporter.kg

Депутат: Онлайн-кумаркана жаштардын түбүнө жете турган болду, бир жигит $300 миң уттуруптур

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Эгембердиев онлайн-кумарканалардын ишин текшерүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди.

Онлайн-кумаркана өлкө жаштарынын түбүнө жете турган болгонун айткан денутат бул багытта кайсы укук коргоо органы иш алып барып жатканын, анын жүрүшү боюнча маалымат сурады.

«Жакында бир жигит билдирүү жасап, 300 миң доллар уттурганын айтты. Анын ата-энеси ыйлап, үйүн сатканга аргасыз болуп жатканын, 6 баласы менен көчөдө каларын айтты. Бул жерде кылмыштуу топ болушу мүмкүн деп күмөн санап жатам. Себеби карызды жөн эле ким берет?», — деди ал.

Эскерте кетсек, мындан эки жума мурда 25 жаштагы Самат Бабыркулов аттуу жигит маалымат жыйын өткөрүп, бир жыл ичинде онлайн-кумарканага 320 миң доллар акча уттурганын билдирген. Бабыркулов алгач 120 миң доллар акча уттурган. Анда үй-бүлөсү билип калып, карыздарын төлөшкөн. Ошондо ал ойлайн-кумарканага барганын токтоткон. Бирок арадан 4 ай өткөндөн кийин кайра ойноп баштап, бул ирет 200 миң доллар уттурган. Эми ошол 200 миң доллар карызын кайтаруу үчүн ата-энеси үйүн сатканы жатканын, анын акчасы карызды толук төлөөгө жетпей турганын билдирген. Ал бийликтен онлайн-кумаркананы жабууну суранган.

Exit mobile version