Депутат Ормонов: Интернет аркылуу кастыкты козутуучу фактылар көбөйүүдө

Депутат Ормонов: Интернет аркылуу кастыкты козутуучу фактылар көбөйүүдө

Интернет аркылуу кастыкты козутуучу фактылар арбып бара жатат. Мындай пикирин бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутат Улугбек Ормонов билдирди.

Аталган жыйында “Электрондук башкаруу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев мыйзам долбоорунун максаты укуктук-ченемдик актыларды Кыргызстанда жүргүзүлгөн соттук-укуктук реформалардын алкагында кабыл алынган Кодекстерге шайкеш келтирүү экенин белгиледи. Түзөтүүлөр негизинен терроризмге, согушту пропагандалоого, жек көрүүчүлүк, жаңжалдарды жаратууга, жеке жашоого тиешелүү маалыматтарды жайылтууга жана башка мыйзамсыз аракеттерге каршы кабыл алынган чараларга байланыштуу сунушталууда. 

Талкуу маалында депутат Улугбек Ормонов мыйзам долбоорундагы терминдерди мамлекеттик жана расмий тилде так которуу сунушун берди.

Ошондой эле эл өкүлү интернет аркылуу жаңжалдарды жаратуу фактылары арбып бара жатканына токтолуп, бул жаатта укук коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен жарандарга жек көрүү жана кастыкты козутуучу маалыматтарды жайылтууда гана эмес, анын социалдык тармактарда бөлүшүүдө да жоопкерчиликке тартыларын түшүндүрүү керектигин кошумчалады.   

Мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>