Депутат Орозова: Өкмөт Төрт-Күл айылына типтүү мектеп куруп бергиле

Депутат Орозова: Өкмөт Төрт-Күл айылына типтүү мектеп куруп бергиле

Бүгүн, 25-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Депутат Карамат Орозова Баткен районуна караштуу Төрт-Күл айылындагы Чоң-Талаа орто мектебинин абалы өтө начар экенин билдирди.

Төрт-Күл айылы 70-жылдары өздөштүрүлүп түзүлгөн. Ал жерге элди көчүрүп баруу үчүн тамдар салынган. Ошол үйлөрдөн ыңгайлаштырылып мектеп болгон. Бул мектеп авариялык абалда деп 2015-жылы чечим чыккан. Жашоочулар мектеп курулушу боюнча маселе көтөргөндө 2017-жылы курулуш тизмесине кирген, 2020-жылы декабрда бул мектеп күйүп дагы кетти. Алдындагы чоң жолдон «ак үй, көк үйдүн» контробандалык товары өтөт. Бул мектеп өтө кооптуу абалда. Баткен эли бийликти дайыма колдоп келет. Бирок эмне үчүн бийлик Баткен элине кайдигер карайт. Өкмөт элдин мүдөөсүн угуп, типтүү мектеп куруп бергиле. Элдин талабын эске алгыла, — деди эл өкүлү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>