Site icon Reporter.kg

Депутат ОСАГОну киргизүүнүн мөөнөтүн 2026-жылга жылдырууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков жарандар үчүн унааларды милдеттүү камсыздандыруунун мөөнөтүн (ОСАГО) дагы бир жылга жылдырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-декабрда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал ОГАСО боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүрбөгөнүн, жыйынтыгында азыр өлкөдөгү айдоочулардын көбү камсыздандыруу полисин ала электигин билдирди. Ал 2025-жылдын башынан тартып ОСАГОсу жокторго айып салына баштай турганын, бирок ага чейин көпчүлүк айдоочулар полис алуугу жетишпей каларын белгиледи.

«МАИ кызматкерлери 1-январдан тарта полиси жок айдоочулардын унаасын айып короосуна токтото баштайт дейли. Ал унаанын баары айып короого кантип батат? ОСАГОсу жокторго 3 миң сом айыппул салынат экен. Аны кантип төлөшөт?», — деп суроо салды депутат.

Чойбеков бул маселе боюнча президентке кайрылып, ОСАГОсу жокторго айыппул салуунун мөөнөтүн 2026-жылга калтырууну сунуштады.

Белгилүү болгондой, ОСАГО тууралуу мыйзам мындан бир нече жыл мурун кабыл алынганы менен анын күчүнө кириши улам жылдырылып келген. Бүгүнкү күнү мыйзам күчүнө кирип, компания-ишканалар, мамлекеттик органдар үчүн иштеп жатат. Болгону полиси жок жарандарга айыппул салынбайт. Ал норма 2025-жылдан тартып иштей баштайт.

Exit mobile version