Site icon Reporter.kg

Депутат: Ошто балдар арасында кургак учук көбөйүп жатат

Ош облусунда балдар жана жаштар арасында кургак учук көбөйүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазакбек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, аймактык балдар ооруканасында керебеттердин саны кыскартылып, учурда орун жетишпейт.

«Бейтаптар орундарды калтырып, ооруканада жатып дарыланууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранышат», — дейт Тазабек Икрамов.

Андан тышкары, рентген аппарат дагы эскирип калганы айтылды.

Exit mobile version