Депутат Акбөкөн Таштанбеков акыркы мезгилде Жогорку Кеңешке элден салык жыйноо, айып салуу өңдүү мыйзам долбоорлор көп келип жатканын билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында айтты.
Комитеттин бүгүнкү жыйынына Айыл чарба министрлиги тарабынан үйүндө мал союп сатып жаткан жарандарга айыппул салууну караштырган мыйзам долбоору алып келинген. Ага ылайык, эт сатам деген жарандар малды касапканаларда гана союу милдеттендирилип, талапты аткарбагандарга айып салуу каралган. Бирок депутаттар бул мыйзам долбооруна каршы болуп, аны артка кайтарды.
Депутат Акбөкөн Таштанбеков акыркы кезде парламентке салык жыйноо, айыппул салуу тууралуу мыйзамдар көп келе баштаганын айтты.
«Акыркы күндөрү «элден кантип салык алсак, кантип айыппул салсак», ал турсун «скутер айдабасын, айып салабыз» деген мыйзамдар кабыл алынууда. Баары ушундай болуп жатат. Элге барганда түшүндүрө албай жатабыз», — деди ал.