Site icon Reporter.kg

Депутат Примов: Оренбургда жол кырсыгына кабылып, күйүп кеткен мекендештердин жакындарына жардам берүү керек

Орусиянын жолунда бара жатып Кыргызстандын 4 жараны жол кырсыгына кабылып, тирүүлөй күйүп кетишти. Жол кырсыгынан көзү өтүп кеткен мекендештерибизге кандай жардамдар көрсөтүлдү? Мындай суроону бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов өкмөткө жолдоду.

Примов бул окуя боюнча мындан ары өкмөт тараптан кандай жардамдар көрсөтүлөрүн сурады.

«Ал мекендештерибиз жыргап кеткен жашоосунан чет жакка иш издеп кеткен жок. Үйбүлөсүн багуу үчүн кетти. Ата-энеси чырактай балдарынан айрылып отурат.

ЕАЭБге кирип жатканда Кыргызстан мигранттардын укугу корголот деп айтылган. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө андай болбой жатат мигранттардын укугу чектелип, акчасын эркин айланта албай жатышат.

2020-жылдын январь айында Евразэстин өкмөттөр аралык жыйыны болот. Ошондо премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушул маселени кабыргасынан коюу керек», — деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек «Мерседес» жана «Форд Транзит» унааларынын катышуусундагы жол кырсыгы 8-декабрда эртең менен болгон. Кырсыктан кийин овтоунаалар өрттөнүп кеткен.

Exit mobile version