Site icon Reporter.kg

Депутат: Россиялык валютчиктер долларды миллиондоп чыгарып кетүүдө

Россиядан келген валютчиктер Кыргызстандан долларды миллиондоп чыгарып кетүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандын валюта рыногунда доллар тартыш болуп жатат. Ал атайын жасалма түрдө жасалган болушу мүмкүн.

«Менин маалыматым боюнча Россиядан валютчиктер келип, долларды миллиондоп сатып алып, чыгарып кетип жатат. Ушуну көзөмөлгө алыңыздар. Былтыр күзүндө бир ишкер Россияга 4 млн доллар накталай акча алып баратып, тоноткон. Ал (долларды — ред.) кимден алды? Эл миң доллар ала албай жатса, 4 млн долларды каяктан сатып алды? Бул чекеси эле. Демек бул жерде атайын жасалган коррупциялык иш, схема бар», — деди ал.

Депутат Токтошев президент менен министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, абалды көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи.

Россияда 4 млн доллары тонолгон кыргыз жараны окуянын чоо-жайын айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version