Site icon Reporter.kg

Депутат Рыспаев парламентте инвесторлор боюнча маселе көтөрдү

Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин «ар кандай» маселелер саатында депутат Кожобек Рыспаев инвесторлор боюнча маселе көтөрдү.

«Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетинин Лицензия боюнча комиссиянын кезектеги отурумдары кворумдун жоктугуна байланыштуу өз маалында өтпөй калып жаткандыктан, чечимдерди күткөн инвесторлор жедеп кыйналып бүттү. Андай жетиштүү кворум чогулта албаган комиссиянын кимге кереги бар? Аны тезинен жоюп, жаңысын түзүү керек!

Биздин комитет өткөн жылы бир топ тоо-кен компаниялардын иши менен таанышты. Көрсө, алар социалдык багытта ири өлчөмдө каражат бөлөт экен. Өкмөт аларды иликтеп чыгып, каражаттын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланылышы боюнча алгылыктуу чараларды көрүшү керек. Ошону менен бирге, Рекультивациялык фонддун каражаттары кыймылсыз жата бербей, өлкө экономикасын көтөрүү жаатында пайдаланылууга тийиш», — деди депутат.

Exit mobile version