Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповго салык кызматындагы коррупциялык элементтер жана андан арылуунун жолун парламентте айтып, өз сунуштарын берди.
“Салык кызматынын инспекторлорунун айлыгын көтөрүү боюнча иш алып барсаңыз. Себеби, эч бир жөнөкөй салыкчы жөнөкөй унаада жүрбөйт. Эң корупциялашкан система ушундай айлыктын аздыгынан келип чыгат. Сизди билебиз Алтынбек Каныбекович, сиз ыймандуусуз, динден кабарыңыз бар, акыретти ойлогон кишисиз, чындыгында сизди кол алдыңызда иштеген кызматкерлиңиз сатып кетип атат. Көп жерлерден, көп сөздөрдү угуп жатам. Жеке өзүңүзгө да айтканмын. Болду да жетишет. Мурдагы эски тартип калды… Өткөн нерсе өттү. Мындан кийин эми напсилерин тыйсын… Сиз дагы эрктүүлүңүздү көрсөтүңүз! Ал депутаттын агасы, прокурордун тууганы, тигинин-мунун жездеси дегенди токтотушу керек эми. Сиз эрктүү кадамдарга барыңыз, “крышаларына” да айтыш керек эми. Бардыгы эле коргой берсе, эмне калат? Очойгон ойго келбеген суммаларды айтып жатышат бизнесмендерден. Алардан “доля” сурап жатышат. Мындайларды эми токтотуш керек. Сиз чечкиндүү кадамдарга барып туруп, кол алдыңыздагы орун басарларыңыздан тарта, эң жөнөкөй инспекторлоруңузга чейин сатып кетип атат. Буга чекит коюуңуз, эгер керек болсо президентке чейин кайрылыңыз, УКМКга кайрылыңыз, сунуш бериңиз. “Бул боюнча комментарий берейин деп жатсам, бул прокурор чалып жатат, мага депутат чалып жатат”- деп ачык айтыш керек да. Качанкыга чейин кыйналысыз ортодо? Чечкиндүү кадамдарга барып, кол алдыңыздагы кызматкерлерди тартипке салып алсаңыз”— деди депутат.