Site icon Reporter.kg

Депутат селден жабыркагандарга 5 күндүк айлыгын которууну сунуштады

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов селден жабыркаган тургундарга  депутаттардын 5 күндүк айлыгын которууну сунуштады.

Анын айтымында, табыгый кырсыктан улам көптөгөн үй-бүлөлөр жабыркады.

Өзгөчө Сузак районунун Барпы айылында жана Ош облусунун Алай районунда селдин кесепетинен улам жабыркагандардын саны арбын. ӨКМди карап отура бербей, депутаттар жок дегенде 5 күндүк айлыгыбызды которуп, каржылык жардам көрсөтүүнү сунуштайм. Бул демилгени башка дагы мамлекеттик органдар да колдоого алышат деп ойлойм”, — деди депутат.

 

Exit mobile version