Депутат Шайназаров акыркы 6 айда тергөөчүлөр караган 22 миң кылмыш ишинин 5%на гана иш козголгонун сынга алды

Депутат Шайназаров акыркы 6 айда тергөөчүлөр караган 22 миң кылмыш ишинин 5%на гана иш козголгонун сынга алды

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Тынчтык Шайназаров тергөөчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө токтолду.

«2019-жылдын 1-январынан бери жаӊы кодекстер иштеп келе жатат. Ошондон бери бардык күч органдарындагы тергөөчүлөрдүн өндүрүшүндөгү иштер болжол менен үч эсе өстү»,- деген депутат буга сандык маалыматтарды келтирди.

Эл өкүлү акыркы алты айга талдоо жүргүзүп, тергөөчүлөр тарабынан каралган жалпысы 22 миӊдей кылмыш ишинин 5%ы гана сот өндүрүшүнө өткөрүлгөндүгүн мисалга тартты. Бул көрсөткүч өткөн жылы 26%ды түзгөн.

Мындан сырткары Шайназаров укук коргоо органдары өз күчтөрү менен түзүмдүн ички мүмкүнчүлүктөрүнөн тергөөчүлөрдүн санын көбөйтүп жатканын жакшы саамалык катары баалады. Ошол эле маалда мындай иш-аракеттер боюнча тиешелүү мыйзам долбоорлорун алып келүүнү сунуш кылып, тергөөчүлөрдү жаӊы кодекстер боюнча окуудан өткөрүү керектигин белгиледи

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>