Site icon Reporter.kg

Сулайманов: Өкмөт экономикалык каатчылык үчүн да чара көрүү керек

Бүгүн, 24-марттагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өттү. Анда депутат Алтынбек Сулайманов өзгөчө абал айласыздан киргизилип жатканын белгиледи.

Эл өкүлү Өкмөт экономикалык каатчылык маселесин эске алуу менен атайын чараларды көрүшү керектигин билдирди.

Ушундай эле багыттагы пикирге депутат Жанарбек Акаев да кошулуп, кыйын кырдаалда аз камсыз үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү зарылчылыгына токтолду.

Exit mobile version