Депутат Сулайманов ЖРТга катыша турган бүтүрүүчүлөргө окуу куралдарын белек кылды – видео

Депутат Сулайманов ЖРТга катыша турган бүтүрүүчүлөргө окуу куралдарын белек кылды – видео

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Ноокат райондук администрациясына жалпы республикалык тестирлөө үчүн окуу куралдарын өз каражатына алып келип берди. Анда республикалык тестирлөөнүн талабы болгон кыргыз тили жана математика предметтеринин окуу куралдары бар.

Сулайманов мектеп жетекчилери менен жолугушууда сөз сүйлөп жатып буларга токтолду:

“Ноокат районунда 2700 окуучу мектепти бүтүрүп жатыптыр. Анын 1240 ЖРТны тапшшырууга катталыптыр. Алардын баарына жеткидей окуу куралдары алып келинди”, — деди эл өкүлү.

Алтынбек Сулайманов мугалимдердин айлык маянасы тууралуу дагы кеп козгоп, аларга төлөнүп жаткан маяна ортодон дагы төмөн экенин белгиледи.

“Мугалимдер социалдык фонд, салык дагы төлөшөт. Ал эми ошол эле учурда күч органдары төлөшпөйт экен. Бул дагы мугалимдерге карата адилетсиздик. Биз бардыгын көзөмөлгө алуу менен дагы анализдеп чыгабыз. Мугалимдерди ар кандай ишембилик иштерине чыгаруу, көчө тазалатуу дагы туура эмес”, — экенин билдирди.

Ноокат районундагы мектеп директорлору депутат Сулаймановго мугалимдерди ар дайым колдоого алып келгени үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Мындан тышкары Алтынбек Сулайманов өз колу менен “Финкеремети” аттуу китепти ар бир мектеп директоруна белекке берди. Бул китепте эң алдыңкы билим берүү системасы болгон Финляндия өлкөсү тууралуу жазылган.

Мектеп директорлорунун айтымында, быйыл пандемия учуруна байланыштуу ЖРТга даярдануучу китептер тартыш же кээ бир окуучулардын китепти сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү болбой жаткан. Депутат ошол муктаждыкты эске алып, тестке даярдануучу китептерди таратты.

Эл өкүлүнүн камкордугу ушуну менен чектелбейт. Ал жакын арада окуучулар арасында эссе, жат  жазуу боюнча сынак өткөрүүнү пландап жатат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>