Депутат Сулайманов: Парламенттик башкарууну толук көргөн жокпуз

Депутат Сулайманов: Парламенттик башкарууну толук көргөн жокпуз

Парламенттик башкарууга элдин нааразычылыгы көп. Себеби парламенттик башкарууну толук көргөн жокпуз. Аты эле айтылбаса 2010-жылдан тарта президенттик башкарууну толук башыбыздан кечирип келе жатабыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов билдирди.

Депутаттын пикиринде, эл кандай башкаруу экенине кызыктар эмес, алар бийликте отургандар элдин жашоосун жакшыртышы керек деген принципте.

«Өлкөдө кандай башкаруу болушу керек экени кимге кызык? Саясатка кызыккандарга, саясатта жүргөндөргө гана.

Эл парламенттик башкарууну көрдүк, 120 депутатыңар бардыгын жиликтеп бөлүп алат экенсиңер, башка эч нерсе кылган жоксуңар дешти. Чындыгында 120 депутаттын колунан эч нерсе келген жок, бир гана президент чечип жатты. Буга көпчүлүк анализ жүргүзбөй президенттик башкарууну тандашууда. Негинен депутаттарда президентти укпай коюуга жана тирешүүгө толук мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок түптөлгөн парламент «кул бала» болуп калганы үчүн эч ким үн чыгара алган жок. Эгерде депутаттар тизме менен түз шайланып келсе, президентти кийлигиштирбей өкмөт башчыны шайлап, чарба иштерине кийлигиштирбей коймок. Бул иш биздин колубуздан келген жок», — деди Сулайманов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>