Site icon Reporter.kg

Депутат Төрөбаев: Күндөн-күнгө абал оорлошууда, өлкө боюнча өзгөчө абал жарыялоо керек

Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында эл өкүлдөрү бир катар маселелерди көтөрүп, Өкмөт өкүлдөрүнөн канааттандырарлык жооп ала албай Өкмөт башчыны парламентке чакыруу керектигин белгилешти. 

Депутат Бакыт Төрөбаев күндөн-күнгө абал оорлошуп бара жатканын белгилеп, жалпы республика боюнча өзгөчө абал киргизүүнү сунуштады.

“Бул эпидемия боюнча январь айында эскертилген эле, азыр жыйынтыгында вице-премьер-министр, саламаттык сактоо министри кызматтан бошотулду деп  айтылып жатат.  Эгер биз ушул бойдон тим койсок абал дагы оорлойт. Ошондуктан өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланашы кажет”, — деди депутат.

Exit mobile version