Депутат Төрөбаев «тополоңдон башы чыкпаган социал-демократтар» кимдин демөөрчүлүгү менен депутат болгондорун эсине салды

Депутат Төрөбаев «тополоңдон башы чыкпаган социал-демократтар» кимдин демөөрчүлүгү менен депутат болгондорун эсине салды

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында  депутат Бакыт Төрөбаев КСДПнын мүчөлөрүн сынга алды.

Төрөбаевдин айтуусунда, V чакырылышта депутат болуп келгенинде КСДПнын мүчөлөрү ага асылганын айтты. Ошондой эле ал «тополоңдон башы чыкпаган социал-демократтар» эсине демөөрчүлөрүн эске салды.

«Кандай тополоң болбосун азыркы учурга чейин Бакиевичилер күнөөлү деп айтышат. Бакиевдин Кыргызстандан кеткенине быйыл 9 жыл болду. КСДП өзүңөр, жаңы шайланган президентти алып келдиңер. Биз утулдук деп аны тааныдык. Бүгүн кайрадан тополоң кылып атасыңар. Кыргызстанда разборкадан башка жумуш жокпу? Башка маселе жокпу? 2015-жылы шайлоодо келгенсиңер. Бир адамдын (Матраимов- ред.) атын атап жатасыңар. Бир адамдын эсебинен бул жерде депутат болуп отурасыңар. Ошол кезде эмне бир адам эле контрабанданы жасадыбы? Анда Кулматов бажынын төрагасы болгон. Башкасы премьер-министр болгон. Мен дайыма чыркырап контрабанданы айтып келем. Казакстандан, Өзбекстандан кирип жатат контрабанда деп. Анан эле бир мошенник Саймаитинин сөзү менен дүрбөлөң болду. Ал ким өзү?», — деди Төрөбаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>