Site icon Reporter.kg

Депутат: Таласта дарыянын жээгин бекемдебесе, жерлерден айрылабыз

Таластын Манас районунун Үч-Коргон айылында Талас дарыясынын жээгин бекемдебесе, Кыргызстан бир нече гектар жеринен ажырап калышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди.

Отурумда депутат Марат Мураталиев өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановго Казакстан менен чектеш турган Таластын Үч-Коргон айылында дарыянын жээгин бекемдөө маселесин көтөрдү.

«Казактар суунун нугу менен жылып жатат. Облуста өздөрүнүн күчү менен суу жээгин бекемдеген. Аны жакында суу алып кетиши мүмкүн. Ошол суунун нугу менен Казакстан чек араны тартып кетип жатат. Кийин көйгөй чыгат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал жерди көрүп, кийинки жылга деп калтырып коюптур», — деди ал.

Урматбек Шамырканов аталган аймакты жеринен көрүп келгенин, бирок быйыл бюджетте ал үчүн каражат болбогондуктан, жээкти бекемдөө иштери келерки жылы жасаларын айтты.

«Ал жакты жеринен көрүп келгем. Келерки жылга пландап жатабыз. Быйыкы жылдын бюджетине дал келбейт», — деди ал.

Андан кийин сөздү депутат Дастан Жумабеков алып, жумуштарды быйыл жасоо керектигин белгиледи.

«Кийинки жылы кеч болуп калат. Учурда Талас дарыясындагы суу тартылды. Азыр жасабасаңыздар, келерки жазда суу жээкти жууп, канча бир гектардан айрылып калабыз», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version