Site icon Reporter.kg

Депутат Талиева: Жол курганы келгенде эле жетекчилер акча өөнөйсүңөр!

Жол маселеси болгондо эле жетекчилер четинен өөнөп жейсиңер. Аны моюнга алыш керек! Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламенттик жыйында Транспорт жана коомуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаевга айтып, аны акчаны туура пайдаланууга чакырды.

“Коррупция дегениңерге кошулбайм дегениңерге айтып коёюн… Факты менен көрсөтүлүп келе жатат да… Буга чейинки тарыхты карап көрүңүз, канча министр, канча орун басарларына иш козголгон? Бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек. Эмне деген акчалардын үстүнөн шектелип кармалып жатышат. Мен ошону айтып атам, мен сизди айтканым жок. Сизди коррупционер деп айтсам сиз кошулбашыңыз мүмкүн?  Далилде депчи, мен сизди айта элекмин да…  Буга чейинки тарыхты айтып жатам, сабак болушу керек. Жол маселеси болгондо эле жетекчилер четинен өөнөп жейсиңер. Аны моюнга алыш керек. Эмне үчүн дайыма шектелип кармаласыңар? Мына 50 млн долларлар менен кармалышты го, министрдин орун басарлары. Ошол нерседен биз, сактанып айтып атабыз. Төрага отурасыңар, министрликтин өкүлдөрүнө айтып койбойсуңарбы? Комментарий бербеш керек, депутаттын пикирине…”— деди депутат.

Парламентте Ысык-Көл жолун куруу үчүн насыя алуу маселеси каралып жатат.

Exit mobile version