Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында бир да гинеколог жок. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Турдумамбетов парламентте комитет жыйынында билдирди.
Депутат Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаевге кайрылып, “шайлоодо жүрүп келдик. Килтейген Таш-Көмүр шаарында бир да гинеколог жок. Гинекологдун жоктугунан Жалал-Абадга шаарына, Шамалды-Сайга барышат экен. Ушул маселеге көңүл бөлүп коюңузчу, бул эми айыл дагы эмес, шаар болуп жатпайбы?” – деди.