Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Эгембердиев кайрымдуулук, садака үчүн уюлдук операторлордун абоненттеринен күнүнө 50 тыйындан алууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-декабрда парламентте «Дин тууралуу» жаңы мыйзамды талкуулоо учурунда билдирди.
Көчөдө кайырчы болгон адамдар көбөйгөнүн, алардын ичинде тилемчиликти бизнеске айландыргандар бар айтты. Аны иретке келтирүү үчүн депутат телефон көтөргөн жарандардан садака катары күнүнө 50 тыйындан кармап калууну сунуштоодо.
«Динибизде «садака балээлерден сактайт» деп айтылат. Айрыкча Ислам дининде садакага чоң маани беребиз. Мечиттердин алдында, көчөдө дубаналар болбосо дейм. Учурда Кыргызстанда уюлдук телефон көтөргөн 3 миллионго жакын абонент бар. Абоненттен күнүнө 50 тыйындан алсак, бир абоненттен 15 сомдон алынат экен. Аны 3 миллионго көбөйтсөк, 45 миллион сом болот экен», — деген депутат, түшкөн акчаны сакада, кайрымдуулук катары бөйрөк алмаштырам, операция жасатам деген, муктаж болгон жарандарга берүүнү сунуштады.