Site icon Reporter.kg

Депутат Токторбаев сурактан чыкты. Ал дагы коркутууга кабылган

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурадан  сурактан чыкканы боюнча өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда эмнелерди сурагандарын жазган. Ошондой эле Башкы прокуратурага кайрылып, коркутпашын айткан.

Ал бүгүн, 30- ноябрь күнү Жогорку Кеңештин жыйынынан “Асылбек Жээнбеков жана анын чөнтөктөш досу Төрөбай Зулпукаров экөөнө иш козголуп, эки ай түрмөдө отуруп чыгышты. Ушул убакка чейин эч кандай жыйынтык жок. Алар камалабы же өкмөткө келтирген зыянды төгүп береби? Ушул маселени элге айтып коюш керек. Же чоңдор менен куда-сөөк болгондон кийин унутулуп калабы?”, — деген болчу.

Жээнбеков менен Зулпукаровго козголгон кылмыш иштер унутулуп калабы? — депутат

Андан соң Башкы прокуратура депутат Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаевди суракка чакырган эле. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов дагы парламенттин укук коргоо органдары, прокуратура, милиция тармактык маркетингдер менен алектенгендерге “крыша” болуп жатканын жар салып, прокуратураны сынга алган болчу.

Атазов дагы Башкы прокуратура тарабынан коркутууга кабылганын айтып чыкты. Ал дагы Фейсбуктагы жазган постун өчүрдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Депутат Атазов сурактан кийинки Фейсбуктагы постун өчүрдү

Exit mobile version