Депутат Тулендыбаев: Өткөн жылы 46 өспүрүм суицидге барган

Депутат Тулендыбаев: Өткөн жылы 46 өспүрүм суицидге барган

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Пархат Тулендыбаев өспүрүмдөрдүн өз жанын кыйуусун алдын алууну өкмөттөн талап кылды.

 Эл өкүлүнүн айтымында өткөн жылы 46 бала, анын ичинде 26 кыз, 20 эркек бала өз жанын кыйган

“ 11-февралда Сокулук районундагы мектептердин биринде окуучу өз жанын кыйган кайгылуу окуя катталды.  Суицидге барган өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгү ата-эненин мээрими жетишпеген же ата-энелери чет өлкөдө иштеп, тууган уругунун колунда тарбияланып жүргөндөр. Өкмөт бул багытта комплекстүү чараларды көрүшү зарыл», — деди депутат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>